Караколдогу жол сапатсыз курулуп, мамлекетке 1,7 миллион сом зыян келтирилген

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүү көрсөткөндөй, дирекциянын айрым кызмат адамдары, өз кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом акчалай түрдө зыян келтирилгендиги аныкталган. Бул факты боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.