Караколдогу курулуп жаткан аэропортто 2 адам каза болду деген видео тарады

Социалдык тармактарда Караколдогу курулуп жаткан аэропортто 2 адам каза болду деген видео тарады.

Видеодо айтылгандай, коопсуздук чаралары сакталган эмес жана кечээ адам каза болгон жерде бүгүн иш жүрүп жатат. Жаран президентке кайрылып, келин жесир, балдары жетим калганын айтат. «Бир жоопкерчилик жок. Балдардын өлүп калганына бир кайгыруу жок», — дешет алар. 

Азырынча окуя боюнча милиция маалымат бере элек.