Караколдогу үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 13-майда УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматтык укук бузууларга жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору кармалган.

Маалыматка караганда, кармалган жаран акчаны Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.