Караколдогу үйдөн аялдын, сарайынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Караколдо күйөөсү аялын өлтүрүп, кийин өзү асынып алган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

23-август күнү саат 07:45 чамасында милицияга Каракол шаарынын үйлөрүнүн биринде 42 жаштагы жергиликтүү тургун менен 41 жаштагы аял кишинин жансыз денелери табылгандыгы кабарланган. Аталган маалымат катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу тарабынан үйдүн бөлмөсүндө аялдын жансыз денеси табылган. Денесин сырткы кароо учурунда мойнунда тактар аныкталган. Ал эми сарайда аркан менен муунган абалда эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө экөө никеге туруп жашап жүрүшүп, 2023-жылдын апрель айында сот аркылуу ажырашып, чогуу жашабай жүрүшкөнү аныкталган. Учурда каза болгон жарандардын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери уланууда.

Турмуш басылмасы кошуналарына таянуу менен жубайлар 5 баланы тарбиялап келгенин жазды.