Каржы пирамидасы боюнча Башкы прокуратурага 100дөн ашык жарандан арыз түшкөн

«Каржы пирамидасы боюнча Башкы прокуратурага 100дөн ашык жаран арыз менен кайрылган. Бул 500 миң доллардан ашык чыгым». Бул тууралуу маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

«Украинанын жарандары Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстанга ачкан экен. Бул каржы пирамидасынын Кыргызстандагы кеңсесинде Кыргыз Республикасынын үч жараны иштеген, алардын арасында судья Айнаш Токбаеванын кызы да болгон. Кылмыш иши козголгон. Учурда ал камакта», — деди ал.

Ал буларга юридикалык баа берүү оор болуп жатканын айтты. Себеби анын башында чет өлкөлүк жарандар турат. Башкы прокурор мындан тышкары, каржы пирамидасына бир тууган эжеси 30 миң доллар берип, алданып калганын айтты.