Бүгүн, 12-мартта сотто камакка алынган 11 журналисттин бөгөт чарасы каралып, 8и камакта калды.
Алар:
Айке Бейшекеева;
Азамат Ишенбеков;
Актилек Капаров;
Жоодар Бузумов;
Максат Тажибек уулу;
Махабат Тажибек кызы;
Сайпидин Султаналиев;
Тыныстан Асыпбеков.
Үй камагына чыгарылгандар:
Акыл Орозбеков;
Сапар Акунбеков;
Жумабек Турдалиев.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 11 журналистти камакка алган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык баш аламандыкка чакыруу) боюнча шектелүүдө.