Кармалган Оштун казысы боюнча УКМК маалымат берди

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жасалып жаткан мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Ош шаардык казыятынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп келген. Казыяттын кызматкерлеринин жеке кызыкчылыгындагы бул аракеттер өз кезегинде казыяттын ишмердүүлүгүнө гана эмес, мамлекеттик бийликтин дарегине карата да нараазычылыктарды пайда кылган.

Бул фактылар боюнча жергиликтүү мечиттер жана медреселердин ишкерлери тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгына арыз жазылган. Анын негизинде Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгон.

Атайын ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп, алынган маалыматтар тастыкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын 4 кызматкеринин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында акча чогултуу боюнча фактылар аныкталып, Т.М.Б, М.Ж.М соттун бөгөт коюу чарасы тандалганга чейин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.