Кароосуз калган унаалардын аккумуляторун уурдап саткан шектүүлөр кармалды

Ош шаарында кароосуз калган жүк ташуучу машиналардын аккумуляторун уурдап сатканга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБисинен билдиришти.

«22-июнда кармалган шектүүлөр Ош шаарынын Туран киши шаарчасынын 1994-жылы жана 2005-жылы туулган тургундары жол боюнда токтоп турган, кароосуз калган жүк ташуучу машиналардын аккумуляторун түнкүсүн уурдап, арзан баада металл кабыл алуучу пункттарга өткөрүп турган. Кармалган балдар буга чейин Ош шаарынын Туран кичи шаарчасынын аймагынан 6 автомашинанын аккумуляторлорун уурдап кеткенин моюнуна алышты. Шектүүлөргө 205-берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.