Каршы тилкеге чыгып, мыйзамсыз үн коштоочу каражаттарды орноткон айдоочуга 20 500 сом айып салынды

Социалдык тармакта Жалал-Абад облусунун аймагында “LEXUS LX 570” үлгүсүндөгү авто унаа кошумча үн коштоочу каражаттарды мыйзамсыз орноштуруп, каршы тилке менен айдап бара жаткандыгы боюнча видео тасма жарык көргөн.

Бул маалымат чыгар замат Жалал-Абад шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издеп издөө иштерин жүргүзүп, айдоочусун таап, Укук бузуу кодексинин 188-берененин 5-бөлүгү жана 194-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, 20 500 сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ушундай эреже бузган фактыларды көргөн учурда ЖКККББнын (0777) 102-102 ишеним номуруна жөнөтүп коюуңуздарды эскертет.