УКМК тарабынан кармалган «Карвендин» кожоюну алдамчылыкка шектелип жатат

Алдамчылык фактысы боюнча «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 миң доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды. Тергөөдө Генрих Балян жогоруда аталган кыймылсыз мүлк ага менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары кайтарып берүүсүз, кожоюндун тапшырмасы менен 2,3 миллион доллар өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынган. Алынган далилдердин негизинде кечээ, 15-июнда ушул кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.