«Карыган ата-энеси келди». Балыкчыдагы жол кырсыкта жабыркаган кыздын атасы тосмо арыз жазып берди

Балыкчыда унаа сүзгөн 11 жаштагы кыздын атасы тосмо арыз жазды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын атасы Максатбек Байгазиев өзү билдирди.

Анын айтымында, үйүнө кармалган бир туугандардын ата-энеси бир нече жолу барган. «Бир нече жолу келишти. Кыз 18 жашка чыкканга чейин каралашып, жардам беребиз дешти. Анан эмне кылабыз. Кызым жакшы, аман калды. Кырсык экен. Кечиримдүү болууга туура келди», — деди ал.

Анын айтымында, кыздын абалы жакшы. «Бүгүн Бишкекке которулду. Жанында апасы бар», — деди ал.