Чүйдө карындашын сабаган адамды атып өлтүрүүгө шектелип агасы кармалды

Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгону аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1-июль күнү саат 07:45 чамасында 1989-жылы туулган кыз Токмок шаарындагы аялдамалардын биринен жол тосуп отуруп, 1975-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан унаага түшкөнү аныкталган. Айдоочу жолдон бурулуп кызга тийишип баштаганда, кыз унаадан түшө качкан. Жолдо бараткан башка унаага отуруп агасына телефон чалып окуяны айтып, коркуп жатканын билдирген. Кыз түшүп кеткен унааны 1975-жылы туулган жаран кууп жетип, унаадан кызды чыгарууга аракет кылып, чачынан жулуп сабаган. Ошол учурда жетип келген кыздын агасы окуяны көрүп газ-травматикалык тапанча менен ага ок чыгарган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Андан аркы көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1986-жылы туулган жаран кармалды. Учурда кылмышка шектүү Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.