Карындашына болушуп, агасы күйөө баласын сабаган окуя боюнча сот өкүм чыгарды

Бишкекте күйөөсүнөн зомбулук көргөн карындашын коргойм деген агасы камакка алынган. 25 жаштагы Мадина Исакованын ушул жылдын апрель айында күйөөсү тарабынан сабалып, эжесине телефон чалып үйүнө алып кетүүсүн суранган. Эжеси агасы менен чогуу келгенде, агасы карындашына болушам деп күйөөсү менен мушташа кеткен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине зомбулук көргөн келиндин адвокаты Свердлов райондук соту өкүм чыгарганын билдирди. Анын айтымында, Исакованын жолдошу коомдук иштерге тартылып, 20 миң сом айып салынган. Ал эми агасы 3 жылга эркинен ажыратылып, пробациялык көзөмөлгө алынган.