11-декабрга караган түнү Кара-Көл шаарындагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош жолунун 350-чакырымында Дэу Нексия жана Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Дэу Нексиянын айдоочусу карындашы каза болгонун угуп, шашып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Хонда Степвагон менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен Дэу Нексиянын айдоочусу болгон Кара-Көл шаарынын 1973-жылы туулган тургуну алган жаратынан улам өзүнө келбей Үч-Терек айыл аймактык ооруканасында көз жумду. Ал эми Хонда Степвагон унаасында 4 киши болгон. Алардын акыбалдары жакшы, жараат алышкан эмес.