«Карышкыр» каймана аттуу кримтөбөлдүн кармалышы боюнча ИИМ маалымат таратты

Бүгүн, 20-январда “Карышкыр” каймана аты менен таанылган кримтөбөл Мурсалым Умырзаков алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Буга чейин социалдык тармактарда кримтөбөлдү кармоо учурундагы видео тараган эле.

“Азыркы учурда кармалган кылмышка шектүү Умырзаков Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө кызматына мындан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жеткирилип берилди. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Бишкек шаарында УКМКнын кызматкерлери тарабынан эмес, ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн”, — деп жазылат маалыматта.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кримтөбөл колониялардын биринде жазасын өтөп жатканда ага карата арыз түшкөнүн маалымдашты. «Умырзаков ал иш боюнча башында күбө катары өтүп жаткан. Ушул кылмыш ишинин алкагында кармалды», — деп жазылат маалыматта.