Бишкекте «Карышкыр» каймана аттуу кримтөбөл кармалды

Бүгүн, 20-январда социалдык тармактарда “Карышкыр” каймана аты менен таанылган кримтөбөл Мурсалым Умырзаковду кармоо учурундагы видео тарады. Ички иштер министрлиги бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

2010-жылы Мурсалым Умырзаков уурулук үчүн соттолгон. Бирок ал 2012-жылдын декабрь айында Нарын шаардык соту тарабынан шарттуу түрдө бошотулган. 2013-жылы кримтөбөл из жашырып кетип, ага издөө салынган. Ошол эле жылдын ноябрь айында Орусияда кармалып, калган жаза мөөнөтүн өтөшү үчүн Бишкекке алып келинген болчу.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары Кыргыз мамлекети бандиттик жана коррупцияга баткан өлкө болбой турганы билдирген эле. Ал “урматтуу бандиттер, силерге аз гана убакыт берилет, же мыйзамга ылайык жашагыла, же түрмөгө өзүңөр баргыла, же биздин мамлекеттен чыгып кеткиле” деген болчу.