Карызын кайтарам деп… Кара-Сууда ок чыгарган жаран кармалды

12-март күнү Кара-Суу шаарынын Гагарин көчөсүндө тополоң болуп жаткандыгы туралуу милицияга кабар келип түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ал жерден кызыл түстөгү канга окшогон суюктуктун үлгүлөрү жана сары түстөгү ок дарынын атылган эки даана гильзасы табылган. Окуядан улам жараат алган Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургунуна экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу денесинин сол бутунан жана башынан ок атуучу куралдан жараат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган.

Окуяга күбө болгондор суралып, алардын көрсөтмөсү боюнча жаран карызын сурап барып, карыз алган жаран менен уруша кеткенде өзү менен алып келген ок атуучу тапанчасы менен ага карата эки жолу ок чыгарып атып салгандыгын айтышкан. Кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан ок чыгарган жаран Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталып, ал кармалып, андан 5 огу бар травматикалык тапанча алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.