«Карызын сураганы кеткен». Чүйдө изделип жаткан жарандын киши колдуу болушу тууралуу жаңы жагдайлар

Кечээ, 24-июлда Чүй ОИИБ Сокулук РИИБдин кызматкерлери 1990-жылы туулган жаранды издеп жатканы тууралуу маалымат беришкен.Жаран 22-июлда үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес.

25-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жарандын жансыз денеси табылганы маалым болгон. Маалыматты редакцияга Чүй ОИИБден тастыкташкан. «Сокулук РИИБде киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам кармалды»,- дешкен милициядан.

Бүгүн, 26-июлда Чүй ОИИБ маалымат таратты. «22-июль күнү Сокулук РИИБге жаран арыз менен кайрылып, жолдошу 1990-жылы туулган жаран ошол күнү эртең мененки саат 09:00 чамасында үйүнөн унаасы менен чыгып, кайтып келбегенин билдирген. Ага таандык унаа айылдын четинен табылып, шек жараткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө жаран жоголгон күнү андан карызга акча алып, кайтарбай жүргөн таанышына кеткендиги аныкталган. Кылмыш ишине шектүү катары Сокулук районунун 1988, 1993 жана 1965-жылы туулган жарандар аныкталып, алардын оор кылмышка катыштыгы бар экендигине талашсыз далилдер табылган.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда шектүүлөр дайынсыз жоголгон жаранды өлтүрүп, сөөгүн айыл четине катып коюшкан. Учурда «адам уурдоо» беренеси менен козголгон кылмыш иши «адам өлтүрүү» беренесине өзгөртүлүп, тергөө тарабынан жасалган оор кылмыштын бардык жагдайлары такталып жатат.