“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

УКМК “Kav&Kev” компаниясынын жетекчиси азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу мыйзамды бузуп, жарактуу мөөнөтүн өзгөртүп жасагандыгы аныкталгандыгын билдирди. Компания чыгарган азыктар антисанитарлык шарттарда жасалган. Мындан сырткары документтери жок чет элдиктерди жумушка алган.

Kav&Kev’дин жетекчиси А.В.К. 17-ноябрда кармалып, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүүгө шектелип убактылуу кармоочу жайга киргизилген.