«Каякка токтотом өзүм билем». Бишкекте унаасын жолдун ортосуна токтоткон айдоочунун жоругу (видео)

Кечээ, 9-январда социалдык тармактарда Бишкекте унаасын жолдун ортосуна токтоткон айдоочунун видеосу тараган.

Бүгүн, 10-январда Кайгуул милиция айдоочуну тапкан видео менен бөлүштү. Ал буга чейин да эреже бузуп айып пулдарын төлөбөй жүргөнү аныкталып, унаасы айып короого киргизилди.