Каза болгон милиция кызматкери Төө-Ашууда өрттөнгөн май ташыган унааны өчүрүүгө жардам берген

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы маалым болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришкендей, ал Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, ооруканага жеткирилгендердин бири болгон. 

Дилмурат Шамшиев 1982-жылы 16-февралда Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ал ички иштер органдарына 24 жашында кабыл алынып, бир нече жыл кенже курамда кийин аймактык тескөөчү, жашы жете электер менен иштөө инспекциясында, андан кийин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында үзүрлүү эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келген. Артында 3 баласы калды.