«Каза болгондор Алайдын тургундары». Кара-Суудагы кырсыктын чоо-жайы

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Буга чейин Ош-Алай унаа жолунда кырсыктан 4 адам каза болгону маалым болгон.

Маалыматка караганда, кырсык 3-сентябрда Кара-Суу районунун Талдык айылында катталган. Анда Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 3 жүргүнчү каза болгону айтылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришип, 4 адам каза болгонун тастыкташты. «Каза болгондор туугандар эмес. Баары Алай районунун тургундары. Жеңил унаа Оштон Алайга, ал эми жүк ташуучу унаа Алайдан Ошко бара жаткан. Кырсык Ош-Алай унаа жолунун 51-чакырымында катталды. Кырсыктан 4 киши каза болуп, 2 киши жаракат алды. Жеңил унаадагылардын баары каза болду. Ал эми жүк ташуучу унаадагы 2 киши жаракат алды», — дешти.