«Каза болушу мүмкүн». Жеңиш чокусунда альпинисттердин тобу дайынсыз жоголду

Сүрөттөгү Дмитрий менен Светлана

Жеңиш чокусунда альпинисттердин тобу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу mountain.ru сайты жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, алар 19-июлдан 20-июлга караган түнү байланышка чыкпай калышкан. Топтун курамына Дмитрий менен Светлана Павленко жана дагы 2 адам болгон.

«Топ алты күн бою чокуга көтөрүлдү. 6 миң 100 метр бийиктикке чейин чыгышты. Аба ырайы катаал болуп турган күнү кеч чыгып, чокуга жетүүнү чечишкен. Акыркы жолу алар 19-июль күнү саат 23:00дө 7400 метр бийиктиктен байланышка чыгып, маршрут боюнча кайра түшө баштаганын билдиришкен. Абалаковдун маршруту боюнча келе жатышкан. Павленконун тобу 6200 метрге түшө алган. Ал бул бийиктикте көпкө турду. Балким, жабырлануучу топто бирөө жаракат алган. Балким ошондон улам алар суукта түнөп калышкан. Андан кийин трекер кескин төмөндөөнү көрсөттү. Сыягы, альпинисттер кулап кетишкен. Алар дүрбүдөн көрүнгөн эмес. Тик учак менен кароо натыйжа берген жок. Кыязы, топ каза болгон», — деп айтылат билдирүүдө.