«Казак» менен байланышы бар… Мурдагы айыл өкмөт жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалды

УКМК тарабынан 17-майда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тактап айтканда, жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жылалды айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси, Ош облусунун Өзгөн райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинин экс-директору А.Р.Т. кармалды.

Аталган жаран Өзгөн районундагы мамлекеттик органдын жетекчиси болуп турган учурда, кылмыш дүйнөсүндө «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн тергөө абагына «посылка» өткөрүп турган.

2023-жылдын ноябрында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жогорудагы экс-директордун «Казак» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен байланышы бар экендигин маалымдаган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.