Казакстанда 10 вебкам-студия аныкталды. Кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары да бар

Казакстанда батир үйлөрдө реалдуу убакыт режиминде иштеген 10 вебкам-студия аныкталды. Кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары да бар. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

Шымкенттин полиция кызматы интернетте порнография жайылтуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топту жок кылды. Жарым жыл бою полиция кызматкерлери издөө жүргүзүшүп, Алматы, Нур-Султан жана Шымкенттин жашоочуларын аныкташкан. Алардын арасында 5 Кыргыз жараны жана 6 Казак жараны бар. Вебкам-студияларда 50дөн ашуун кыздар иштеген, анын ичинен экөө өспүрүм болуп чыккан. Алардан 44 миң доллар, эки Toyota Camry-70 унаасы жана бир Lexus GX 460 унаасы алынган. Кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.