Казакстанда издөөдө жүргөн шектүү каза болгон жарандын паспорту менен Кыргызстанда жүргөн

Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берген шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

30-декабрда Кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан видеокөзөмөл камераларын жана адамдын жүзүн таануу системасын көзөмөлдөө учурунда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны 1985-жылы туулган О.А. кармалган, кылмыш жасоого айыпкер болгон Казакстанстандын Кылмыш-жаза кодексинин 217-берененин 3-бөлүгүнүн 2- пунктуна (финансылык инвестициялык пирамиданы түзүү жана башкаруу) ылайык камакка алуу – оозеки бөгөт коюу чарасы тандалган. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө кармалган чет элдик жаран 2000-жылы каза болгон Кыргыз жаранынын паспортун мыйзамсыз алып, бир нече жолу пайдаланып жүргөндүгү аныкталган. Мындан тышкары, аталган жаран Казакстандын укук коргоо органдарынан жашырынып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүп, каттоочу органдын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн кылмышкерди мындан ары мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүшкөн. Анын үстүнө ал баңги затын сактагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 150 миң сом айыпка жыгылганга жетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 347-беренесине (паспортту мыйзамсыз берүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Калкты каттоо департаментинин Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин кылмыштуу аракеттери аныкталып, 1981-жылы туулган жарандын бети ачылып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.