Казакстанда жарым жылдан бери изделип жаткан эне уулу тарабынан өлтүрүлгөнү маалым болду

«Чыгыш-Казакстан облусунда 15 жаштагы өспүрүм өз апасын мыкаачылык өлтүрүп, андан соң анын жансыз денесин катып койгон. Ал эми энени жакындары жарым жылдан бери издеп жүрүшкөн» деп билдирет Tengrinews.kz. 

Маалыматка караганда, кылмыш 2022-жылдын август айында Усть-Каменогорск шаарына жакын айылдардын биринде болгон. Жума күнү кечинде үч уулдун апасы дем алыш күндөрү иштеген облус борборунан кайтып келе жаткан. Аял автобекеттен үйдү көздөй басып баратып, кичүү уулун желим баштыктан клей жыттап жаткан жеринен кармап алган.

Апасы менен баласы урушуп кетишкен. «Эне уулун урушуп, жаакка жана көкүрөгүнө бир нече жолу чаап жиберген. Өспүрүм апасынын кармап, бир нече жолу силкип жибергенде футболкасы жыртылып, өзү жерге жатып калган. Бул окуяны апасы улуу баласына айтарын, маселени ошол чечерин айткан. Ошол учурда баласы жерден колуна тийген ташты алып, башына чапкан. Энесинин сөөгүн жана сумкасын кол арабага салып, көптөн бери ээн турган кошунасынын үйүнө алып барган. Сөөктү чуңкурга жашырып, кийимдерин да ошол жерге таштаган. Чуңкурдун үстүн жаап, үйдүн эшигин кулпулап кеткен»,- деп айтылат маалыматта.

Уулу менен мурдагы жолдошу аялдын шаардан кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылышкан. Алар издөөгө берип, издеп баштаган. Издөө иштерине уулу да чыгып жүргөн, бирок жыйынтык болгон эмес. Кылмыш иштин бети кошунасы үйүнө келип, аялдын чуңкурдан сумкасын тапканда ачылган. Өспүрүм күнөөсүн мойнуна алган. Сот анын жашы жете электигин эске алып, мыйзам тарабынан көрсөтүлгөн жаза боюнча 10 жылга эркинен ажыраткан.