Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран Бишкекте кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Казак жараны кармалды. Кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоого айыпталууда. Колдо болгон маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн жаран 2018-жылдын 29-октябрында Казакстандын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган Х.А.С. жана 1973-жылы туулган Х.К.М. аттуу жубайларды өлтүргөн. Мындан улам, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагындагы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.
24-февралда ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.