Казакстанда кыздарынын көз алдында жан берген кыргызстандык келин. Жакындары ТИМге кайрылды

Казакстанда 29 жаштагы кыргызстандык келин кыздарынын көз алдында жан берген.

Окуя Алматынын Мамыр конушунда кечээ, 20-июлда кечинде болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аял үйүнүн кире беришиндеги турникке асынып алган. Бул учурда үйдө жакында эле бир жашка чыккан кичүү кызы менен ортончу кызы болгон. Улуусу чоң атасыныкында болгон.

Маркумдун Кыргызстандын жараны экени, ал 29 жашта экени белгилүү болгон. Коңшуларынын айтымында, күйөөсү аялынан 15 жаш улуу. Балдарга көңүл бурбай, аялына кол көтөрчү дешет. Милиция «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча иш козгогон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркум Бектурсун кызы Айперинин апасы менен байланышканыбызда, кызынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Терек айылында туулганын айтып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

«Кызым казак жаранына турмушка чыккан. 3 кызы бар. Улуусу 2-класска, ортончусу 1-класска көчөт, ал эми кичүүсү 1 жаштан 2 жашка кетти. Мурда бизге зомбулук көрүп жатканын айтчу эмес. Бизге чалып эле «кызыңыз ооруканага түшүп калды» деп айтышты. Кийин каза болгонун угузушту.. Мен кызымдын өзүн-өзү өлтүргөнүнө ишенбейм. Тышкы иштер министрлигине кайрылат элем, ушул ишке жардам берип коюшсунчу. Мен паспортумду жаңылап, Казакстанга барып, дыкат текшерүүнү талап кылат элем. «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренесине макул эмесмин. Азыр сөөктү алып кетүүгө 2 бир тууганы кетти»,- деди апасы.

Апасынын айтымында, кыздын ата-энесинин паспортунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, Казакстанга кызынын сөөгүн алып келүүгө өзүлөрү бара албай калышкан.

Ал эми редакцияга маркумдун бир тууганынын кызы Айпери зомбулук көрүп жүргөнүн апасына айтпай келгенин билдирди. «Туугандар менен 2-3 күн мурда сүйлөшкөн, «мен кыздарымды жакшы окуу жайда окутушум керек» деген. Жолдошунун башка аялы тууралуу да айткан экен. Таарынып келгенде 1 ай бул жакта болгон. Кыздар үчүн жашайм деп кеткен. Үч күн мурун тигүүчү машина алып, «тигип иштеп, кыздарымды багам, күйөөмдүн көзүн карабайм» деген адам кантип өзүн-өзү өлтүрсүн»,— дейт ал.

Сүрөт маркумдун апасынын уруксаты менен жарыяланды.