Казакстанда кыздарынын көз алдында жан берген кыргызстандык келин Ошто жерге берилди

Казакстанда кыздарынын көз алдында жан берген кыргызстандык келин бүгүн, 23-июлда Ошто жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жакындары билдиришти.

Казакстанда 29 жаштагы кыргызстандык келин кыздарынын көз алдында жан берген. Окуя Алматынын Мамыр конушунда 20-июлда кечинде болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аял үйүнүн кире беришиндеги турникке асынып алган. Бул учурда үйдө жакында эле бир жашка чыккан кичүү кызы менен ортончу кызы болгон. Улуусу чоң атасыныкында болгон. Маркумдун Кыргызстандын жараны экени, ал 29 жашта экени белгилүү болгон. Коңшуларынын айтымында, күйөөсү аялынан 15 жаш улуу. Балдарга көңүл бурбай, аялына кол көтөрчү дешет. Милиция «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча иш козгогон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркум Бектурсун кызы Айперинин апасы менен байланышканыбызда, кызынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Терек айылында туулганын айтып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылган.