Казакстандагы жол кырсыктан 4 Кыргыз жараны жабыркады

Казакстандагы жол кырсыгынан 4 Кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Жол кырсыгы кечээ, 27-августта саат 6:40та катталып, автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четине чыгып кеткен. Жабыркаган 4 Кыргыз жараны түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Алардын абалы орто деп бааланып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.