Казакстандан кошумча бак орнотуп күйүүчү май ташыган автобустар аныкталды

Кошумча бак орнотуп, күйүүчү май ташыган автобустар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө жайынан кошумча бак орнотуп, кошуна өлкөдөн мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 3 автобус аныкталган. Азыркы учурда бул автобустардын айдоочуларына мыйзамсыз кошумча бак орноткондугу үчүн Укук бузуу кодексинин негизинде 16 миң 500 сом айып салынып, автобустар айып короого токтотулган.