Казакстандык блогердин Кыргызстанда кармалышы. Милиция маалымат берди

Кечээ, 24-апрелде блогер Эртай Искаков милицияга кайрылып, казакстандык блогерлерге чара көрүүнү суранды. Анын айтымында, алар Бишкектин парктарында сөгүнүп, аны видеого тартып жарыялап жатышат. Ошондой эле казинону жарнамалоого тыюу салынган, ага карабастан жарыялап жатышат.

«Биздин карындаштарыбыздын намысына шек келтирүүчү сөздөр менен атап, Кыргызстанда ушундай кылса боло берет деп көрсөтүп жатат. Бул кылганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик бар, видеосунун негизинде кайрылуу келтирем. Бишкек ШИИБ чара көрүп бериңиздер», — деп жазган ал.

Көп өтпөй эле казак блогери Айдын Тусупов соцтармактагы баракчасы аркылуу ал милиция тарабынан кармалганын жазды. Анын кармалышы боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришти.

«24-апрелде социалдык тармакка мониторинг жүргүзүү учурунда «Ынтымак» паркында Казакстандан келген блогерлер уят сөздөрдү айтып жаткан видео аныкталган. Бул факты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Райондук администрациянын тергөө кызматы тарабынан 1992-жылы туулган Т.А.нын өздүгү такталып, жеткирилген. Андан соң, профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү. «Ынтымак» сейил багында жүргөндө сөгүнгөн сөздөрдү айтып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирген адамдын өздүгүн тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бардык чаралар көрүлүүдө», — дешти.