Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Кыргызстанда жашырынып жүргөн

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан криминалдык элементтерге жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү учурунда Кыргызстандын аймагында бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык кылмыштарды жасоого айыпталган чет өлкөлүк жаран жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган Казак жараны аныкталып, кармалган. Аталган жаран жазадан кутулуу максатында 2023-жылдын күзүндө көзөмөл-өткөрмө бекеттен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн.