“Казбек кара” каймана аттуу Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Казбек Билалов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

10-октябрда УКМК тарабынан “Казбек кара” деген ат менен белгилүү Казбек Билалов Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, Билалов буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын буга чейин Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийе турганын айткан видеосу жарыяланган болчу.