Казынага 7 миллион сом которгон мурдагы аткаминер Курманбек Дыйканбаев акталды

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевди Жогорку Сот актады. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Соттук коллегия Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Курманбек Дыйканбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. 

Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ал парламенттик шайлоо учурунда бир партиянын кызыкчылыгында иш алып барып, мамлекеттик ишкана жетекчилеринин бирин ага 7 миллион сомдон ашуун акча берүүгө мажбурлаган. Бербей койсо, кызматынан бошотуп коерун айтып коркуткан. Бул акча УКМКнын маалыматына караганда, Дыйканбаев шайлоо алдындагы үгүт иштерине жумшаган. Кийинчерээк Курманбек Дыйканбаевдин УКМКнын эсебине 7 миллион сом которгону маалым болгон.