Казынага 7 миллион сом которгон мурдагы аткаминер Курманбек Дыйканбаев күнөөсүз деп табылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 24-майындагы өкүмүнө ылайык Курманбек Дыйканбаев Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү жана 320-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча күнөөсүз деп табылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын аракеттеринде аталган кылмыштардын курамы болгон эмес.

Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ал парламенттик шайлоо учурунда бир партиянын кызыкчылыгында иш алып барып, мамлекеттик ишкана жетекчилеринин бирин ага 7 миллион сомдон ашуун акча берүүгө мажбурлаган. Бербей койсо, кызматынан бошотуп коерун айтып коркуткан. Бул акча УКМКнын маалыматына караганда, Дыйканбаев шайлоо алдындагы үгүт иштерине жумшаган. Кийинчерээк Курманбек Дыйканбаевдин УКМКнын эсебине 7 миллион сом которгону маалым болгон.