Казыяттын мурдагы кызматкери кармалды

Ички иштер министрлиги баш аламандыкка шектелип кармалган казыяттын мурдагы кызматкери менен мурдагы депутат Шайлообек Атазовдун унаанын ичиндеги сүйлөшүп жатышкан видеосун жарыялады.

Министрликтин маалыматына ылайык, тергөөнүн алкагында шектүү Бишкек шаарынын аймагында айрым жарандар жыйындарды уюштуруп жүргөнү аныкталган. Жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка макул эместигин билдирип, үгүт иштерин жүргүзүү аркылуу массалык баш аламандыктарга чакырыктарды уюштурууга багытталган аракеттерди жасагандыгы такталган.

“1971-жылы туулган жаран шектүү катары кармалган. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана өзүнө таандык «Toyota 4Runner» үлгүсүндөгү унаасынан документтер, ар кандай үлгүдөгү беш уюлдук телефон, микро-SIM-карта, чет өлкөлүк номерлер, кол жазмалары бар эки күндөлүк, «Ашара Хидаст» деген жазуусу бар 14 беттен турган папка, араб тилиндеги 68 китеп, араб тилиндеги китептер салынган бир куту, ошондой эле «ИНЕ» үлгүсүндөгү эки рация жана тергөө үчүн маанилүү болгон башка буюмдар табылып, алынган”, — деп жазылат маалыматта.