Кечээ Бишкекте өрт чыккан үйдө аял кишинин жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө 19 жаштагы кыз шектелүүдө

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 26-февралда саат 08:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 3-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыккандыгы, анда аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы билдирген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, 1991-жылы туулган аял кишинин жансыз денесин табышкан. Денени кароо учурунда зомбулук менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган кыз кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.