Кара-Суудагы каналга 23 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 16-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Курбан-Кара айылындагы Савай каналына 23 жаштагы жигит чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Издөө иши караңгы киргендигине байланыштуу токтотулган, бүгүн, 17-июнь күнү улантылат.