«Кечирим суроо менен бүтпөйт». Кыргыздар тууралуу видео жасаган Өзбек жараны Орусияда изделип жатат

24-августта ТикТок социалдык тармагында “kumushalaiscag” аттуу колдонуучу видео жарыялап, анда белгисиз улуттагы жаран өзбек тилинде кыргыз элинин ар-намысына доо келтирген кайрылуу жасаган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул видео социалдык тармактарда талкуу жараткан. Аталган видео боюнча белгисиз аял Өкмөт үйүнүн алдына нараазычылык акциясына чакырып, Өзбекстандын жетекчилигине, коомчулугуна да кайрылгандыгын билдирип, “камалсын же тили кесилсин” деп талап кылган.

Жогоруда видеолор боюнча ички иштер министрлиги тиешелүү иш-чараларды жүргүздү. Анын жыйынтыгында видео кайрылуу аркылуу нааразычылык акциясына катышууга чакырган аялдын да аты-жөнү аныкталып, ал 32 жаштагы жаран экендиги белгилүү болуп, ага Бишкек ШИИБи тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле ыкчам-санариптик иш-чаралардын жүрүшүндө видеокайрылуу жасаган 28 жаштагы Өзбек жараны экендиги аныкталды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагына 2019-жылдын 27-июнунда кирип, 1-июлда Ош аэропортунан Орусиянын Екатеринбург шаарына чыгып кеткен. Аталган маалымат боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине жана Орусиянын Ички иштер министрлигиндеги ИИМдин өкүлчүлүгүнө маалыматтар жиберилип, тез арада тактоо, аныктоо иш-чаралары жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө видеокайрылуу жасаган жаран учурда Санкт-Петербург шаарында жашап жаткандыгы такталган. Ал ошол эле күнү өзүнүн видеосу үчүн кечирим сураган. «Бирок аталган видео кечирим суроо менен гана аяктап калбайт. Себеби маалымат ИИМге катталып, тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды. Тергөө жана иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган факты боюнча сөзсүз түрдө юридикалык баа берилет», — дешти ИИМден.