Кегети суу сактагычына 11 жаштагы бала чөгүп, каза болду

Чүй облусунун Кегети айылында суу сактоочу көлмөгө 11 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка ылайык, 26-июль күнү Кегети айылындагы суу сактоочу көлмөгө 11 жаштагы К. уулу Н. чөгүп кеткен. Жерине 3 суучул тартылып, өспүрүмдүн жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.