«Келин каза болуп, кызы ооруканада». Ош-Баткен-Раззаков жолунда катталган жол кырсыктын чоо-жайы

Кечээ, 19-февралда Ош-Баткен-Раззаков жолунда жол кырсыгы катталып, аял киши каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

19-февраль күнү саат 22:04 чамасында Рават айылы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 300, 900-чакырымында Рават айылынын 1994-жылы туулган тургуну башкарган Баткен районунун №2 Жол тейлөө ишканасына таандык болгон ISUZU NLS 43-150 үлгүсүндөгү атайын унаасы менен инерттик материалдарды себип бара жаткан мезгилде, арт жагынан удаалаш келе жаткан Өзбекстандын Ташкент шаарынын жашоочусу 1996-жылы туулган Х.А.Ш “Центр комплектации MCHJ” ишканасына таандык болгон Шевроле Епика үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, унаанын ролун башкара албай атайын техниканы арт жагынан сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Кырсыктын кесепетинен Ташкент шаарынын Чиланзар районуну жашоочусу башкарган Шевроле унаасында жүргүнчү болуп бара жаткан аялы Ташкент шаарынын тургуну 1996-жылы туулган С.Н.К ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми кызы 2020-жылы туулган Х.М.А денесинен жараат алып, Баткен ооруканасына жеткирилди.