Келинди «интимдик сүрөттөрүңдү таратам» деп коркутуп, 200 миң сом алган шектүү кармалды

Интимдик мүнөздөгү сүрөттөр менен шантаж кылып, акча каражатын опузалап талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

17-сентябрь күнү милицияга арыз менен Базар-Коргон районунун жашоочусу (аял киши) кайрылган. Ал арызында акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Шектүү жаран “интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам” деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген. Буга чейин ал 2021-жылдан бери шантаж жолу менен арыздануучудан 200 миң сом алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун аймагынан жабырлануучудан 25 миң сомду накталай алып кетип бара жаткан жеринен кармалды. Ал Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган тургуну болуп чыгып, камакка алынды.