Кеминде 4 жаштагы бала поезд астында калып, чарчап калды

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында 4 жаштагы бала поезд астында калып, чарчап калды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, баланы ата-энеси 7 жаштагы эжесине таштап кеткен.

«Окуя темир жолдун 3827-чакырымында, тактап айтканда Быстровка — Жел-Арык станцияларынын ортосунда болжол менен саат 18:20 чамасында болгон. АС-1 үлгүсүндөгү поезд баланы сүзүп кеткен. 4 жаштагы баланы ата-энеси 7 жаштагы эжесинин кароосуна калтырып, өзүлөрү конокко кетишкен. Албетте, поезддин айдоочусу баланы көрүп, сигнал баскан. Бирок балада реакция болгон эмес. Поездди токтотууга аракет кылышкан, майнап чыккан эмес», — дешти алар.