Кеминде 45 жаштагы аял күйөөсүн балка менен чаап өлтүргөн. Ал милицияга өзү барды

Кеминде күйөөсүн балка менен чаап өлтүргөн аял милицияга өзү барды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, адам өлтүрүү Кеминдеги көчөлөрдүн бириндеги үйдө 10-февралга караган түнү болгон. Үй-бүлөлүү жубайлар досторуна барып келгенден кийин алардын ортосунда уруш-талаш болуп, натыйжада аял күйөөсүнүн башына балка менен бир нече жолу урган. Алган жаракатынан улам күйөөсү ошол жерде көз жумган. Аял кылмышты жасоодо күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө жазды.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду.

Учурда зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалардын топтому дайындалды, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Каза болгон адам 53 жашта болчу. Ал эми анын жубайы, кармалган аял 45 жашта. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.