Кечээ, 28-март күнү саат 16:00 чамасында Кемин районунда “Тойота Хайландер” үлгүсүндөгү унаа, жаш өспүрүм баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факты милициянын каттоосуна алынып, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, шектүү жаран кармалып, тергөөгө камсыз кылынды. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.