Кеминде чиркөөнүн жана үйлөрдүн терезелеринин айнектерин сындырган бейбаш адам аныкталып, кармалды

24-июль күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Кемин шаарынын тургуну, 1963-жылы туулган П.Л. аттуу жаран Кемин шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан чиркөөнүн терезелерин сындырып, качып кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.
Бул факты Кемин РИИБдө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде (бейбаштык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөгө чейинки текшерүү иштер башталган. Мындан тышкары, ушул сыяктуу арыздар менен дагы 3 тургун кайрылып, алардын арыздары райондук ИИБде катталып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн ким экендиги аныкталып, ал 1977-жылы туулган И.Р. аттуу жаран болуп чыкты, ал Кемин райондук ИИБ тергөө кызматына тергөө иштерин жүргүзүү жана анын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн жеткирилген. Тергөө уланууда.

Учурда Кемин районунда тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгында район аймагында улуттар аралык чыр-чатак жана башка диний пикир келишпестиктер аныкталган жок.

Аталган фактылар жана жарандар тарабынан провокациялар аныкталса токтоосуз катуу чаралар көрүлөт. Урматтуу жарандар! Чүй облусунун ИИББ терс кесепеттердин алдын алуу жана коомду эскалациялоо фактыларын болтурбоо жана туруктуулукту сактоо максатында улуттар аралык араздашууга алып келиши мүмкүн болгон туура эмес маалыматтарды таратпоону чакырат.