Кеминде эки киши мушташып, бирөөсү көз жумду

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

14-сентябрда Кемин районундагы Ильич айылында 1984 жана 1986-жылы туулган жарандар спирт ичимдигин ичип отурушкан. Экөөнүн ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. 1986-жылы туулган жаран 1984-жылы туулган жаранды сабап салган. Жабырлануучу Кемин районундагы ооруканага жеткирилип, эсине келбей көз жумган.

Кылмышка шектүү кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.