Кеминде жол кырсыгы катталды. Жабыркагандар бар (видео)

Бүгүн, 22-июлда Кеминде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 107-чакырымында Степвагон менен жол тандабас сүзүшкөн. Учурда канча адам жабыркагандыгы белгисиз. Ал эми социалдык тармактарда кырсыктын видеосу жарыяланды.